Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү, 14А.
Дүйш.–Жума күндөрү 9:00дөн 17:00гө чейин иштейбиз.
Документтерди жана үлгүлөрдү 9:00дөн 12:00гө
чейин кабыл алабыз.
Тел.: +996 (312) 33-55-68, Эл. почта: sertificationkg@inbox.ru

Урматтуу кардарлар, 2021-жылдын декабрь айынан тарта шайкештикти тастыктоочу (сертификаттоо) документтери жок продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган. Кененирээк…
Кыргызстанда курал-жарактарды сертификациялоо боюнча керектүү маалыматтарды ала турган сайтыбыздын иштеп жатканын сиздерге кубануу менен билдиребиз.
Суроолоруңуз, сунуштарыңыз же сын-пикирлериңиз болсо, info@kcso.kg дарегине электрондук кат жазыңыз же сайттагы “Байланыштар” бөлүмү аркылуу атайын форма менен билдирүү жөнөтсөңүз болот.

Ченемдик база

  1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 укук бузуулар жөнүндө Кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын  9-июнундагы № 49 “Курал жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
  4. “Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак-оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби жөнүндө” Нускама (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 токтому менен бекитилген);
  5. Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна 1-тиркеме);
  6. Кыргыз Республикасында кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелери (КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы № 721 токтому менен бекитилген);
  7. «Кыргыз курал тастыктоо борбору” ЖЧКсында кардарларды тейлөө эрежелери;
  8. «Кыргыз курал тастыктоо борбору” ЖЧКсына түшкөн апелляция жана даттанууларды кароо эрежелери;
  9. МамСТ ISO/IEC 17020-2013 “Шайкештикти баалоо. Текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ар кандай типтеги органдардын иштөөсүнө талаптар” мамлекеттер аралык стандарты;
  10. МамСТ ISO/IEC 17065-2013 “Продукцияларды, процесстерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча органдарга карата талаптар” мамлекеттер аралык стандарты.
Биз социалдык тармактардабыз:
Top